super.kg logo

ОРВИ жана грипптин көбөйүшү: Өлкөдө бир аптада 10 миңден ашуун учур катталды

 

Эпидемиялык мезгилдин башталышы менен республикада ОРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөдө бир жума ичинде ОРВИ менен ооруган 10 миң 112 учур катталып, оорунун көрсөткүчү 22,5 пайыздан жогору болду. Бардык оорулардын 65,4 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

Ага ылайык, оорунун жогорку деңгээли Бишкек шаарында, Чүй жана Баткен облустарында катталган, аларда интенсивдүү көрсөткүчтөр: 310,8; 229,8 жана 166,7.

Республикада COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, мониторингдин маалыматтары боюнча жумасына 2ден 6га чейин учур катталат. 2 апта ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда СOVID-19 инфекциясынын 4 учуру катталды.

Буга байланыштуу бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында маска жана карантин режими киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: