super.kg logo

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар делип шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топко катыштыгы бар делип шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-январда Октябрь РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Tik Tok социалдык тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда “@taza_koom” аккаунтунда “О” аттуу жаран өзүнүн видеосунда курулуш компанияларынын алданган үлүшчүлөрүнө кайрылып, аларды маркум Камчы Көлбаевдин атындагы фонд түзүүгө ачык чакырган жана уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн жардам сураганын байкашкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесине (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1976-жылы туулган О.Т. аттуу жаран аныкталган. Милиция кызматкерлери Молдокулов көчөсүндө жайгашкан имаратта тинтүү жүргүзүшүп, уюшкан кылмыштуу топтун арасынан өздөрүнүн укуктук статусун билдирген шакек, 1 ноутбук жана 2 уюлдук телефон табылып, алынган.

Андан соң райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.






Видео: Бишкек ШИИББ

Видео: Бишкек ШИИББ

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: