УКМКнын базасында компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борбору ачылды




Бүгүн,16-январда Атайын кызматтын жетекчилиги жана Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондженин катышуусунда УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун базасында Компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборунун (SOC) ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, SOC'тун ачылышы Кыргызстандын киберкоопсуздугун камсыздоодогу стратегиялык кадам болду. Борбор санариптик мейкиндикке күнү-түнү мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтарууну камсыз кылган алдыңкы технологиялар менен жабдылды.
Ага ылайык, SOC'тун негизги өзгөчөлүгү анын туташкан уюмдардын маалымат инфраструктурасын үзгүлтүксүз коргоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү болуп саналат.
Бул ыкма реалдуу убакыт шартында заманбап киберкоркунучтардан натыйжалуу коргоо куралын камсыз кылат.
"Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) менен биргелешкен долбоордун алкагында Кыргызстан менен Кореяянын ортосундагы ийгиликтүү кызматташуунун аркасында SOC ийгиликтүү ишке ашты.
SOC'тун ачылышы УКМКнын өлкөнү заманбап киберкоркунучтардан коргоону камсыздоо боюнча маселелерди ишке ашырууга умтулуусун баса белгилейт", - деп айтылат маалыматта.
