super.kg logo

Мектеп окуучусу үчүн "Тулпар" картасын башка адамдар колдонсо айып салынат

 
Бишкек мэриясы мектеп окуучулары үчүн "Тулпар" картасы жөнүндө пайдалуу сунуштарды айтты.
Маалым болгондой, Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире баасы көтөрүлөт.
Ага ылайык, мектеп курагындагы балдар айына 360 сом жаңы баада чексиз коомдук транспортто жүрүү билеттерин сатып ала алышат. Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш. Анткени айына кеминде 44 сапар жасалса, жол кире болгону 8 сомду түзөт.
"Мектеп окуучулары үчүн жеке "Тулпар" карталарын башка адамдарга колдонууга тыюу салынат. Эгерде алар башка адамдар тарабынан колдонулуп жаткандыгы аныкталса, карталар конфискацияланып, колдонуучуга айып салынат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми чоңдор үчүн айына 1020 сомдон стандарттуу чексиз жол билеттери бар.
Белгилей кетсек, тариф көтөрүлгөндөн кийин коомдук транспортто контролерлор иштей баштайт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: