super.kg logo

"KG групп" компаниясынын акционерлери бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурап кайрылышты

 

Бүгүн, 16-декабрда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Туманбаев “KG групп” компаниясынын акционерлери менен жолугушту.

Жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев жана аталган компаниянын өкүлдөрү катышып, үйлөрүн ала албай жаткандардын көйгөйлөрүн угушту. Жолугушууга жалпы 151 адам келди.

Акционерлер бийлик өкүлдөрүнөн ишкер Имамидин Ташовго таандык “KG групп” компаниясынан сатып алган үйлөрдүн курулуш иштерин көзөмөлгө алып, бүтүрүп берүүнү суранышты.

Алардын айтымдарында, көпчүлүк объекттердин акчасы 100 пайыз төлөнгөн.

Бирок үйлөрдүн курулушу токтоп, алар кеминде 5 жылдан бери ала албай жүрүшөт. Буга компания коронавирус пандемиясын себеп кылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.01.2024. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик ишкерлерди тоноп жатат. Элге туура эмес маалымат берип актанып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: