"Каракол" аэропортун ушул күздө пайдаланууга берүү пландалууда



"Каракол" эл аралык аэропортун ушул жылдын күзүндө ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда "Каракол" эл аралык аэропортунда эл аралык талаптарга жооп бере турган аэробекет жана учуп-конуу тилкеси курулууда.
Мындан тышкары аэропорт саякатчылар жана коноктор үчүн ыңгайлуу, заманбап дизайн, алдыңкы технологиялар менен жабдылган, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу эл аралык аэропорт болот. "Каракол" эл аралык аэропортун толугу менен ишке берүү ушул жылдын күз мезгилине белгиленген.
Белгилей кетсек, аталган аба майдан "Манас" эл аралык аэропортунун өз каражатына курулууда.
Маалыматта "Каракол" эл аралык аэропорту 1971-жылы түптөлүп, 1978-жылы учуп-конуу тилкеси пайдаланууга берилгени тууралуу айтылат.
"Аэропорт ЯК-40, Л-410, Ан-2, Ан-26, Ан-28 сыяктуу учактарды жана бардык типтеги тик учактарды үзгүлтүксүз кабыл ала алган. Андан бери бул аба майдан бир дагы жолу оңдоп-түзөө иштеринен өткөн эмес.
Аталган аэропорт акыркы чартердик каттамды 2018-жылы Дубай-Ташкент-Бишкек-Каракол багыты боюнча RJ үлгүсүндөгү бизнес класстагы учакты кабыл алган. Андан соң аэропорт ишин токтоткон.
2011-жылы 25-ноябрда Өкмөттүн токтому менен "Каракол" аэропортуна "эл аралык аэропорт" макамы ыйгарылган", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2022-жылдын 7-майында "Каракол" эл аралык аэропортун кайра жаңыдан курууга президент Садыр Жапаров мезгил кутучасын салып, курулуш иштерине старт берген.
