Таласта курулуп жаткан “Бала-Саруу” ГЭСи жакында ишке берилет
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычында жайгашкан Бала-Саруу ГЭСинде болуп, ГЭСтин ачылышына карата көрүлүп жаткан даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Эмил Мухамбетов министрге аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, пландалган иштер өз мөөнөтүндө бүткөрүлүп, суунун көлөмү көбөйсө жакынкы аралыкта ишке берүүгө болорун белгиледи.
ГЭСте аткарылган иштер тууралуу маалымат:
- ГЭСти куруу боюнча иштер аяктады,
- 110 киловатт жабык таратуучу түзүлүшкө 110 киловатт бөлүштүргүч жабдууларын орнотуу жүргүзүлдү;
- жалпы кубаттуулугу 32 миң киловолт-ампер болгон эки трансформатор орнотулду,
- узундугу 6,7 километр болгон 110 киловатт "Бала-Саруу - Кара-Арча" жана 110 киловатт "Бала-Саруу - Покровка" аба чубалгылары курулду.
- басым диверсиясы - 360 метр, диаметри 3,8 метр.
Өз кезегинде министр берилген тапшырмаларды дыкат аткарууну жана ГЭСти белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен ишке киргизүүнү көзөмөлдөөнү талап кылды.
Белгилей кетсек, аталган электро станция 25 меговатты түзгөн кубаттуулуктагы үч гидроагрегаттуу, жылына орточо эсеп менен 92 миллион киловатт/саат электр энергиясын чыгарат.
