“KG Групп” курулуш компаниясынан батирин ала албай келген үй-бүлөлөргө мамлекет жардам бермей болду

Жыйынга президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик агенттиктин директору, Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаарынын башкы архитектору жана “KG Групп” курулуш компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле компаниянын акционерлери катышты. Жолугушууга жалпы 151 үлүшчү келди.
Үлүшчүлөрдүн айтымында, каражаттарын толук төлөгөнүнө карабастан аталган компания алардын батирлерин көп жылдан бери бүтүрүп бербей жүрөт. Алсак, “Чыңгыз Айтматов” атындагы турак жай комплексине үлүшчүлөрдүн дээрлик 90 пайызы акчасын беришкен. Бирок 2019-жылдан бери курулуш ордунан жылбай, 300 үй-бүлө батирлерин ала албай келишет.
"Бүгүнкү күндө “Чыңгыз Айтматов” ордосунда үйүн ала албай жаткан 300 адам барбыз. Мен атама катталгам. Ал азыр иним экөө айылда турушат бирок алар шаарга келип жашаш керек эле. Биз балдары бул батирди атамдын 60 жылдыгына белек кылган болчубуз. Алар үйдүн бүтүшүн 6 жылдан бери күтүп келе жатышат. Эми биз кимден талап кылабыз, ким көзөмөлдөп аягына чыгарып берет? Макул, "Сейтек", "Семетей", жана "Жусуп Баласагын" комплекси эксплуатацияланат экен. А, "Чыңгыз Айтматов" комплексиндеги курулушту ким көзөмөлдөп, аягына чыгарат. Азыр маселени бир гана УКМК чечет экен. Башка органдарга кайрылгандын зарылчылыгы жок болуп калды," - деди үлүшчүлөрдүн бири.
Ошондой эле башка объектилерде да курулуш иштери толук бүтпөй, техникалык паспорттор берилген эмес. Көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери сыноодон өтпөй, сертификаттары тапшырыла элек. Аталган компаниянын өкүлү бардык объектилердин курулушун бүтүрүү үчүн 5 миллион долларга жакын каражат сарпталарын айтты. Ошол эле учурда компанияда мындай акча жок экендигин кошумчалады.
Үлүшчүлөрдүн даттанууларын уккан соң, президенттин аппарат жетекчиси Каныбек Туманбаев, “KG Групп” курулуш компаниясынын жетекчилиги элдин акчасын алып, бирок убадасын убагында аткарбаганын ошондой эле жыйынга келген элдин үнүн мамлекет башчысына жеткирип, маселени чечүүгө аракеттер көрүлөөрүн билдирди.
Ал эми шаар мэри Айбек Жунушалиев президенттин тапшырмасынын негизинде беш үйдү эксплуатация кылууга мекеме жардам бере аларын айтты. Жалпы 14 объект бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.