super.kg logo

Улуттук хирургия борборунда боорду алмаштыруу операциясы жасалат

 

Бүгүн, 16-январда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборунда боорду алмаштырууга даярдык иштери жүрүп жаткан боор хирургиясы бөлүмүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул үчүн бюджеттен 5 миллион сом бөлүнүп, оңдоо иштерин февраль айынын ортосуна чейин бүтүрүү мерчемделүүдө.

Министр Улуттук хирургия борборунун мыкты адистери керектүү билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алуу үчүн Түркияга тажрыйба алмашуу окуусуна жиберилерин билдирди. Анда 12 адистен турган топто - хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана медайымдар бар.

Алар окуу мезгилинде бекер турак-жай жана тамак-аш менен камсыз болушуп, акысыз окутуудан өтүшөрү кошумчаланды.

"Биз боорду трансплантациялоо операциясын жасаганы жатабыз, бул Улуттук хирургия борборунун базасында ишке ашат. Биз борборду операцияга керектүү эң заманбап жана кымбат-баалуу жабдуулар менен жабдыйбыз. Улуттук хирургия борборунун жалпы командасынан жакшы жыйынтыктарды күтөбүз", - деди Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 12-январында Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын Инөнү университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: