super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаарда Жаңы жыл майрамына карата эң кооз жасалгаланган имаратка акчалай сыйлыктар тапшырылат

 

Ош шаардык мэриясынын токтомуна ылайык, Жаңы жыл майрамына  карата Ош шаарында эң кооз жасалгаланган имаратка, фасадга, аянтчаларга конкурс жарыяланды. Конкурска Ош шаардык мэриясынын гана мекеме-ишканалары эмес, бардык коомдук уюмдар, банктар жана бизнес мекемелери катыша алышат. Аталган сынакты өткөрүүнүн негизги максаты - жалпы мекеме ээлеринин жана жетекчилеринин имараттарды кооздоп, шаар калкына жаңы жылдык маанай тартуулоо.

Аталган сынактын жыйынтыгы декабрь айынын аягында Ош шаарынын вице-мэри  Дастан Ходжаевдин жетекчилиги астында атайын жумушчу топ менен биргеликте чыгарылмакчы. Жеңүүчүлөргө сертификаттар жана 25 миң сомдук, 15 миң сомдук жана 10 миң сомдук акчалай белектер 31-декабрь майрамдык концертте тапшырылмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: