super.kg logo

Акыйкатчы укук коргоо органдарын журналисттердин эркиндиктери менен укуктарын сактоого чакырат   

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо жана сот органдарын, ошондой эле прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыздоого чакырат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, акыйкатчы 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде болгон тинтүү иштери, басылманын жетекчилигин суракка алуу боюнча комментарий берип, мындан тышкары башка басылмалардын кармалган журналисттери жөнүндө айтуу менен укук коргоо органдарына Конституцияга ылайык сөз эркиндиги жана өз пикирин ачык билдирүүдөгү жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылуунун маанилүүлүгү жөнүндө эскертти, анткени мындай аракеттер сөз эркиндигине тескери таасирин тийгизет.

"Акыйкатчы институту өзүнүн мандатына ылайык журналисттердин укуктарын коргойт жана мамлекеттик органдарды массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын сактоону камсыздоого чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.

Жарандардын өз пикирин эркин билдирүү, сөз жана басма сөз эркиндиги:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы (10, 32-беренелер);

- Адам укуктарынын жалпы декларациясы (19-берене);

- Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (19-берене);

- “Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы (4, 8-беренелер) менен кепилдендирилген.

Акыйкатчы укук коргоо жана сот органдарын журналисттерге карата чечим кабыл алууда сөз эркиндигине жана маалыматка жетүүдө Конституцияда белгиленген кепилдиктерди жетекчиликке алууга чакырат.

Акыйкатчы ошондой эле сот органдарын жана прокуратура органдарын журналисттерге карата укук коргоо органдары тарабынан кабыл алынган жана пландалып жаткан чаралардын мыйзамдуулугуна, өлчөмдөштүгү менен зарылдыгына укуктук баа берүү чакырыгы менен кайрылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: