super.kg logo

ИИМ суракка алып кеткен 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынды (тизме)

 

Бүгүн, 16-январда Ички иштер министрлиги суракка алып кеткен 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында кармалгандар “Массалык башаламандыктар” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгүнүн негизинде шектелип кармалган.

Алар:

  • Махабат Тажибек кызы;
  • Сапар Акунбеков;
  • Азамат Ишенбеков;
  • Сайпидин Султаналиев;
  • Актилек Капаров;
  • Тыныстан Асыпбеков;
  • Максат Тажибек уулу;
  • Жоодар Бузумов;
  • Жумабек Турдалиев;
  • Айке Бейшекеева;
  • Акыл Орозбеков.

Буга чейин ИИМ “Айт, Айт десе” жана “Темиров Live” интернет аянтчаларында массалык баш аламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргүзүлгөнү боюнча расмий билдирүү тараткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тергөөнү кызыктырган маалыматтарды камтыган 162 буюм алынганын билдирген.

Ал эми кечээ, 15-январда 24.KG агенттигинин редакциясында тинтүү болуп, басылманын директору жана башкы редакторлору УКМКда сурак берип чыккан.






ИИМ суракка алып кеткен 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: