super.kg logo

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаран: Издөөгө куткаруучулар кошулду

 

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз болуп изделип жаткан Мухамедаалы Маматаалы уулун издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кошулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, 21 куткаруучу бүгүн, 17-январь күнү эртең менен Аламүдүн капчыгайына чыгып кеткен.

"Эдельвейс" кошуунунун 7 куткаруучусу атайы шаймандары менен жана кинолог атайы ит менен, Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде 1 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун куткаруучусу дрон менен, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 6, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 5, Чүй жана Жайыл райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 жалпы 24 куткаруучу таңкы саат 07:00дө издөө ишине чыгышты", - деп жазылат билдирүүдө.
Кечээ, 16-январь күнү кечинде дайынсыз болуп жаткан жарандын туугандары коомчулуктан жардам сурап кайрылуу жасашкан. Анда алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышканын, бирок реакция болбой жатканын айтышкан.
Жакындарынын айтымында, дайынсыз болуп жаткан жаран талма оорусу менен жабыркайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: