super.kg logo

11 журналисттин камалышы: "Ээн ооздуктун чеги болот" деди Шакиев (видео)

 

Бүгүн, 17-январда болуп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев ИИМ тарабынан кармалган 11 журналист боюнча өз пикирин айтты.

Төраганын айтымында ал бул кармоолорду сөз эркиндигине басым деп эсептебейт.

"Бул маселе боюнча сөз эркинидиген кысым дегенге кошулбайм. Себеби бардык нерсенин чеги болот. Мунун бардыгы кайсы бир сырттан каржыланган уюмдардан Кыргызстандын стабилдиүүлүгүнө терс таасирин тийгизбей койбойт. Анткени ушуга окшогон көптөгөн журналистикага жамынган блогерлер же башкалардын ээн баштыгынан өлкөдө ар кандай пикирлер бар.

Бизде сөз эркиндиги бар, ким каалаганын айта алат. Бирок, өлкөнүн туруктуулугуна доо кетирбей, ээн ооздуктун дагы чеги болот", - деди Шакиев.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев бул боюнча комиссия түзүү керек эместигин кошумчалады.

Буга чейин ИИМ “Айт, Айт десе” жана “Темиров Live” интернет аянтчаларында массалык баш аламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргүзүлгөнү боюнча расмий билдирүү тараткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тергөөнү кызыктырган маалыматтарды камтыган 162 буюм алынганын билдирген.

Андан кийин Ички иштер министрлиги суракка алып кеткен 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: