Парламентте аскердик кафедралардагы коррупциялык схемалар курч маселе экени айтылды
Бишкекте бүгүн, 18-декабрдагы парламенттин жыйынында “КРнын коргоо жана куралдуу күчтөрү” тууралуу мыйзам долбоор талкууланды.
Анда коргоо министринин биринчи орун басары Замир Суеркулов ЖОЖдордогу аскер адистерин даярдоодо коррупциялык схемалар көбөйүп жаткандыгын айтты. Анын айтымында, өкмөт жогорку окуу жайларындагы аскерге даярдоочу кафедраларды жоюуну карап жатат. Ошондой эле запастагы офицерлерди даярдоо менен атайын борборлор иштерин кошумчалады.
Депутат Айнуру Алтыбаева аскерге чакырылгандарды медициналык жактан камсыздоо керектигин билдирди. “Аскерге чакырылгандарды текшерүүдө дарыгерлер толук катышпайт. Аймактарда кээ бир балдардын текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

