super.kg logo
  Саясат  

11 журналисттин камалышы: Депутат Бекешев комиссия түзүүнү сунуштады 

 

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу акыркы окуялар боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.

Эл өкүлү ЖМКлар бийликти колдоого же жакшы көрүүгө милдеттүү эмес экенин айтып, журналисттер тескерисинче кетирилген каталарды таап көрсөтүп берип, бийлик аларга рахмат айтып, оңдошу зарыл экенин белгиледи.

"Журналисттердин үйүн, кеңселерин тинтүүгө алып, өздөрүн жапырт камоого жана көз карандысыз эркин медиаларга козголгон кылмыш иштерине кайдыгер карап коюуга болбойт. Аларды душман катары көрбөй, тескерисинче коррупциялык, мыйзамсыз иштерди ачканга көмөк кылган жардамчы катары кабыл алсак. Бийликти мактагандар көп, бирок чындыкты айткандар аз. Ошондуктан президент комиссия түзүп, жалпыга маалымдоо каражаттары мыйзам бузуп жатабы же аларга каршы мыйзамсыз иштер болуудабы иликтеп чыксак”, - деди Бекешев.

Ага төрага Нурланбек Шакиев комиссия түзүү зарылчылыгы жок экенин айтты. Ал бул кармоолорду сөз эркиндигине басым деп эсептебейт.

"Бизде сөз эркиндиги бар, ким каалаганын айта алат. Бирок, өлкөнүн туруктуулугуна доо кетирбей, ээн ооздуктун дагы чеги болот", - деди Шакиев.

Кечээ таң атпай “Айт, айт десе” долбоорунун жана "Темиров лайв" медиасынын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкени маалым болгон.

ИИМ аталган журналисттерге массалык баш аламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргүзүлгөнү боюнча расмий билдирүү тараткан.

Кечки саат 21:50 чамасында Ички иштер министрлиги суракка алып кеткен 11 журналисттин баары дээрлик 14 саатка чукул сурак берүүдөн кийин 48 саатка камакка алынган.

Ал эми 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь УКМК сурак берип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: