Мелис Аспеков ооруканадан тергөө абагына которулду
Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кармалган активист Мелис Аспеков ооруканадан тергөө абагына которулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Аспековдун уулу Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
"Атамдын абалы оор экенине карабай кайра СИЗОго которушту. Ал жак оорулуу адам үчүн кандай экенин баары эле билет. Атабызды үй камагына чыгарууну суранабыз. Соттук териштирүүлөр улана берсин, бирок атамдын өмүрүнө жана ден соолугуна эч нерсе коркунуч келтирбесин", - деп жазган Аалы Аспеков.
Жаза аткаруу кызматына байланышканыбызда Мелис Аспеков 12-январда тергөө абагына которулганы маалым болду.
Белгилей кетсек, аталган мекеме Мелис Аспеков "дарыгер-кардиологдун сунушу менен Бишкек шаарындагы "Бикард" медициналык клиникасында текшерүүдөн жана дарылоодон өтүп жатканын 27-декабрда билдирген.
ИИМ Аспековго кылмыш жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен айып таккан.
Жыйынтыгында Биринчи Май райондук соту аны эки айга камоо чечимин чыгарып, кийин бул мөөнөт 27-январга чейин узартылган.


