super.kg logo

24.KG маалымат агенттигинин жетекчилери УКМКдан сурактан чыкты

 

24.KG маалымат агенттигинин жетекчилери УКМКдан сурактан чыкты. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Сыдыков билдирди.

Белгилүү болгондой, басылманын башкы директору Асел Оторобаева менен шев-редактору Махинур Ниязова күбө катары суралган, иштин статусу өзгөргөн эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин 15-январда да 24.KG агенттигинин редакциясында тинтүү болуп, басылманын директору жана башкы редакторлору УКМКда сурак берип чыккан.

Мындан сырткары, Ички иштер министрлиги "Айт, айт десе" Ютуб каналынын жана "Темиров лайв" медиасынын кызматкерлерине массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

"Темиров лайв" медиасынын негиздөөчүсү Болот Темиров 16-январдын таңында медианын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкенин айткан.

Кечээ, 16-январда ИИМ суракка алып кеткен 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: