super.kg logo

ИИМ: "Каржы пирамидасынан бир жылда 358 адам жабыркаган"

 
Өлкөдө былтыркы жыл ичинде каржы пирамидасы боюнча жалпы 350дөн ашык кылмыш тергелген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарына жалпысынан 358 адам кайрылып, келтирилген материалдык чыгым 68 миллион сомдон ашкан. Ал эми кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган. Тергелген кылмыштын 217си соттук кароого жиберилген, калган 98и боюнча тергөө уланып жатат.
"Кылмыштын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган, азыраагы Чүй, Баткен, Талас облустарында болгон. Фактыларды талдай келгенде, жеңил акчанын артынан түшкөн жарандарыбыз аз убакыттын ичинде чоң дивиденддерди убада кылган "кайрымдууларга" акча берип алданып келет", - деп айтылат билдирүүдө.
ИИМ алдамчылар адатта жакшы манипуляторлор экенин жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү биле турганын кошумчалап, алданып калуудан этият болууга чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: