Нарында топоздордун көчкү алдында калышы: Окуянын чоо-жайы белгилүү болду
Нарында кар көчкү топоздорду басып калганы тууралуу видео соцтармактарда тараган.
SUPER.KG порталы бул окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Кочкор райондук администрациясына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
Маалыматка карганда, райондук администрация Долон ашуусунда топоздордун көчкүдө калгандыгы тууралуу маалымат жарыяланганда окуянын чоо-жайын билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнө телефон аркылуу байланышкан. Алар топоздордун ээси Төлөк айылынын тургуну экенин аныкташып, аны менен байланышып, окуя боюнча маалымат алышкан.
Ал эми, айыл тургуну райондун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө мындан 5-6 күн мурда кыштоодогу 5-6 баш топоздору көчкүдө калгандыгын жана топоздору аман экенин билдирген.
Ошондой эле, ал өзү менен чогуу барган айылдашы окуяны телефонуна тартып социалдык тармакка жүктөп, жайылтып жибергендигин айткан.
Белгилей кетсек, бүгүн, 17-январда социалдык тармактарда Нарында топоздорду кар көчкү басып калды деген видео тараган.
17.01.24
