super.kg logo

Тиш дарылаган 2800 клиника лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды

 

Өлкөдө 2800 тиш дарылаган клиника лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анда депутат Айсара Абдибаева үч жашар наристенин тиш доктурда чарчап калганы дарыгердин шалаакылыгынан болгонун айтты.

Министр ал клиника эртеси эле жабылганын айтып, учурда лицензиясы жок иштеп жаткан 2800 тиш дарылаган жеке клиника аныкталганын, алар бир айдын ичинде текшерилип, жабыларын убадалады.

15-январда парламентте саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Ринат Мавланбай уулу Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 626 клиника текшерилип, алардын 410унда лицензиясы болсо, калгандарында жок болуп чыкканын, анын натыйжасында 251 ишкерге 1,5 миллион сом айып пул салынганын айткан.

Эске салсак, былтыр 21-декабрда Бишкек шаарындагы стоматологиялык клиникалардын биринде үч жашар кыз чарчап калганы маалым болгон.

Маалыматка караганда, каза болгон наристенин атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барган. Алар наристеге "Севарон" дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкен. Бирок ага ийне сайышкан, наристе ошол бойдон ойгонбой калган. Тишти тазалоодо бардык процедуранын баасы 106 миң сомду түзгөн.






Жогорку Кеңеш 17.01.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: