super.kg logo

11 журналисттин камалышы: БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү үн катты

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Лиз Тросселл Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча комментарий берди.

Ал Кыргызстанда дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү бир нече көз карандысыз маалымат каражаттарынын өкүлдөрү суракка алынган окуяларга тынчсызданып жаткандыгын билдирген.

"Адам укугунан, ой-пикирин ачык билдирүү укугунан мыйзам чегинде пайдалангандарды жазалоо үчүн аларды кармоо же камоо адам укуктары боюнча эл аралык талаптардан алып караганда негизсиз болуп саналат. Бул өңүттөн алганда, Кыргызстандын парламенти сөз эркиндигин, ЖМК эркиндигин чектеген мыйзам долбоорун карап жатканы ого бетер тынчсыздандырат.

Биз бийликти сөз эркиндигин коргоого жана өлкөдөгү медиа мыйзамдары адам укуктарынын эл аралык стандарттарына шайкеш келишин камсыздоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ таң атпай “Айт, айт десе” долбоорунун жана "Темиров лайв" медиасынын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкени маалым болгон.

ИИМ аталган журналисттерге массалык баш аламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргүзүлгөнү боюнча расмий билдирүү тараткан.

Кечки саат 21:50 чамасында Ички иштер министрлиги суракка алып кеткен 11 журналисттин баары дээрлик 14 саатка чукул сурак берүүдөн кийин 48 саатка камакка алынган.

Ал эми 15-январда 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь УКМК сурак берип чыккан.

Бүгүн Оторобаева менен Ниязова УКМКга дагы сурак берип чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: