super.kg logo

Баткен облусунун туристтик потенциалы талкууланды

 

Баткен облусунун туристтик потенциалы жогору. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев аймактагы туризмди өнүктүрүү кеңешинин отурумунда билдиргенин өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн сырткары Туризм департаментинин директору Нурмухамед Миңбаев жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Алгач Баткен облусунун аймагын комплекстүү өнүктүрүүнүн модели катары Мадыген геопаркын өнүктүрүү боюнча ЮНЕСКОнун гео илимдер жана геопарктар боюнча эл аралык программасынын долбоор жетекчиси, Кыргызстандын Тянь-Шань геологиялык коомунун башчысы Алексей Дудашвили баяндама жасады.

Иш-чаранын катышуучулары туризмди өнүктүрүүнүн келечеги жана көйгөйлөрүн талкуулашып, бул багытта ишке ашырылуучу бир канча приоритеттүү долбоорлор менен таанышышты.

Кошумчалангандай, кеңештин мүчөлөрү жана туристтик компаниянын өкүлдөрү туристтик чөйрөдөгү бир катар маселелерди көтөрүп, алардын чечүү жолдорун карашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: