Тик учак кырсыгынан каза болгон аскердин жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөрү айтылды
Бишкектеги тик учак кырсыгынан каза болгон аскер кызматкеринин туугандарына жана жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта Коргоо министрлигинин жетекчилиги курман болгон офицердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айта турганы белгиленет.
Кошумчалангандай, учурда ооруканада жаткан калган жабыркаган аскерлер керектүү дары-дармектер менен камсыздалууда.
Эске сала кетсек, бүгүн, 17-январда 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8 тик учагы саат 11:00 чамасында Достук айылына жакын жерде кулап түшкөнү кабарланган.
Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам учурда Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген. Бул окуядан кийин бир катар жооптуу кызматкерлер кызматынан убактылуу бошотулганы кабарланган.
Кырсык боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


1 |