"Темиров лайв" медиасынын негиздөөчүсү Болот Темиров 16-январдын таңында медианын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкенин айткан.
Кармалган 11 журналисттин бешөө эки айга камалды
Бүгүн, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кечээ камакка алынган журналисттердин бөгөт чарасы каралууда.
Жыйынтыгында судьянын чечими менен кармалган 11 журналисттин бешөө эки айга камалды. Алар "ПолитКлиника" басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбеков, Temirov Live долбоорунун мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибай кызы, журналисттер Сапарбек Акунбеков жана Сайпидин Султаналиев 13-мартка чейин абакта калтырылды.
Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги "Айт, айт десе" Ютуб каналынын жана "Темиров лайв" медиасынын кызматкерлерине массалык баш аламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.
Кечээ, 16-январда ИИМ суракка алып кеткен 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынганы кабарланган болчу.
Ал эми 15-январда 24.KG агенттигинин редакциясында тинтүү болуп, басылманын директору жана башкы редакторлору УКМКда сурак берип чыккан. Алар бүгүн да суракка кирип чыгышкан.
