super.kg logo

Аламүдүн капчыгайында Мухамедалынын жоголушу: Жерине министр өзү барды (фото)

 
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министр куткаруучуларды издөөдө конкреттүү пландын негизинде иш алып барып, керектүү издөө каражаттарды жана техникаларды тартуу зарылдыгын эскертти. Ал ошондой эле 18-январь күнү улана турган издөө ишине куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койду.
Мындан сырткары куткаруучуларды тамак-аш менен камсыздап, ден соолугунун абалын да көзөмөлгө алуу керектигин айтты.
Ошондой эле ал дайынсыз болуп жаткан жаран унаа менен Бишкек шаарына кетиши мүмкүн деген дагы вариант каралып жатканын, аны Ички иштер министри менен талкуулай турганын белгиледи.
Кечээ, 17-январь саат 18:30да караңгы киргенине байланыштуу издөө иши убактылуу токтогон. Куткаруучулар жеринде түнөккө калып, бүгүн таң эрте издөө ишин улантты.
Белгилей кетсек, 14-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө кечээ жалпы 262 адам, 15 техника жана 10 дрон тартылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: