super.kg logo

Малина көчөтүн ташып кирүүдө фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталды

 

"Ак-Тилек автожолу" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан аймакта малина көчөтүн ташып кирүүдө фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-январда "Ак-Тилек автожолу" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан “Жыйынды постунда” текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө Орусиядан чыккан 25 миң даана малина көчөтүнүн Кыргызстандын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталды.

"Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 3.7 пунктуна ылайык, карантинге алынган продукциянын партиясынын таңгагында маркировкасы жок болгондуктан, карантин жаатында мыйзамга ылайык тиешелүү фитосанитардык чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: