super.kg logo

"Операция жасалды". Бишкектеги тик учак кырсыгында жабыркагандардын бүгүнкү абалы айтылды

 

Бишкектеги тик учак кырсыгынан жабыркагандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Тез жардам ооруканасында сегиз адам, Улуттук госпиталда эки адам дарыланууда. Абалдары туруктуу деп бааланууда.

"Кечээ жабыркагандардын бирине операция жасалган. Бүгүн жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми жандандыруу бөлүмүндөгү төрт адамдын экөө палатага которулду, баары дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп билдирди министрликтен.

Эске салсак, кечээ, 17-январда 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8 тик учагы саат 11:00 чамасында Достук айылына жакын жерде кулап түшкөнү кабарланган.

Кырсыктан 11 адам жабыркап, алардын ичинен бир аскер кызматкери каза болгон. Жабыркаган 10 адам Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген. Бул окуядан кийин бир катар жооптуу кызматкерлер кызматынан убактылуу бошотулганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: