"Үйүн таппай адашып келгендер бар". "Коломто" үй-жайсыз жарандар баш калкалоочу жайындагы тагдырлар
Кыш мезгилинде туруктуу жашоочу жайы жок адамдар борбор калаанын ар бир районунда жыл сайын ачылуучу убактылуу жайларда баш калкалап жан сакташат. Мындай башкалка жайынын бири болгон "Коломто" деп аталган муниципалдык мекемеден кабар алып, ичиндеги жашоо менен тааныштык.
Биринчи Май районунда жайгашкан бул мекеме 70 кишиге ылайыкташкан. "Коломтодон" үй-жайсыз, ар кандай кырдаалда калган адамдар убактылуу башпаанек алышат. Мекеменин Сатымкул Молдалиев аттуу кызматкери "ичкиликке берилип селсаяк болуп кеткендер четтен чыгат" дейт. Айтымында, алардын көбү жаштар.
"Бул жер 70 кишиге ылайыкташканы менен кыш мезгилинде кайрылгандардын саны көп. Ошону менен катар үйүн таппай адашып келгендер да бар. "Коломто" баш калкалоочу жайындагы тагдырлардын саны 110го чейин барат. Үй-жайсыз, барар жери жок адамдар бир маал ысык тамак ичип, түнөп кете алат. Аларга гуманитардык жардам да берилет. Бизге кары-картаңдар да көп келет. Алардын документтерин бүтүрүп, карылар үйүнө жайгаштырууга көмөк көрсөтөбүз. Арасында үй-жайын таппай адашып келгендер да болот. Алардын дарегин тактап, үйлөрүнө жөнөтөбүз", - дейт Сатымкул Молдалиев.
Толугу менен SUPER.KG порталынын You Tube каналынан көрүңүз.
кошулду
