super.kg logo

Өлкөдө кезектеги салык декларациясын тапшыруу өнөктүгү башталды

 

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүн баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык кезектеги декларациялык өнөктүк эки этапта өтөт:

1-апрелге чейин – юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

1-майга чейин – жеке жактар жана жеке ишкерлер декларация тапшырышат.

"Ушул жылдын 1-апрелине чейин салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен өлкөдө иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-майга чейин жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Ошондой эле 1-майга чейин салык декларациясын жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жактар, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу бар, эл аралык уюмдагы ишинен киреше алган жарандар дагы тапшырышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Салык декларациясында кирешелер жана чыгашалар, экономикалык иш, мүлк объекттери, жер участоктору жана отчеттук жыл үчүн төлөнгөн салык милдеттенмелеринин суммасы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү зарыл.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: