super.kg logo

Түркия менен Казакстанда Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата айтыш концерти өттү

 

Кечээ, 17-январда Казакстанда Кыргыз улуттук "Манас" театрынын өнөрпоздорунун катышуусунда “Эгиз элдин - Элмирбеги” аталышындагы айтыш концерти болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынан билдиришти.

Ага ылайык, маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында кыргыз өнөрпоздору: Амантай Кутманалиев, Рыспай Исаков, Азамат Болгонбаев, Максат Кулуев, Самат Көчөрбаев, Калыбек Турганов, Азиз Биймырза уулу жана башка төкмө акындар айтыш концертин коюшту.

Бул сапардын алкагында таланттар Нартай Бекежанов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын жамааты менен жолугушканы айтылат.

Ошондой эле Түркиянын Анталия шаарында "Манас" театры, "Аруузат айымдар" коомдук фонду жана өлкөнүн Анталиядагы консулдугу менен биргеликте "Эл булбулун эскерүү" аталышындагы айтыш концерти болуп өткөн. Анда Элмирбек Иманалиевдин шакирттери Түркиядагы мекендештерге өз өнөрлөрүн тартуулашканы кабарланат.

Төкмө жана жазма акын, манасчы, дастанчы Элмирбек Иманалиев быйыл көзү тирүү болгондо 46 жашка чыкмак. Ал 42 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: