super.kg logo

ИИМ "Коён" каймана аты бар жаранды кайра кармады (видео)

 
Опузалап талап кылууга шектелип "Коён" каймана аттуу кылмыш чөйрөсүнүн мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, январь айында милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал эки чала тааныш адамы коркутуп, 70 миң сомун тартып алышканын, алар дагы ар-намысыңа шек келтирген маалыматты таратабыз деп 200 миң сом талап кылып жатышканын айткан.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Иликтөөдө шектүүлөрдүн бири бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүндө "Коён" каймана аты менен белгилүү болгон жаран экени аныкталган.
Шектүүнү кармоо үчүн атайын операция даярдалып, 16-январда Ош шаарындагы соода борборлорунун биринин жанынан талап кылып жаткан акчанын бир бөлүгүн, 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Кармалган шектүү Кара-Суу районунун тургуну 1995-жылы туулган Майрамбек Низамов убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Азыркы учурда кылмыштын катышуучуларын кармоо боюнча андан аркы иштер жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле "Кылмыштын бетин ачууга ИИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери киришип, иш алып барышты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин "Коён" былтыр ноябрда алдамчылык боюнча кармалган.





18.01.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: