Эми Бишкекте коомдук транспорттордо кыргыз тилинде анимациялык мультфильмдер көрсөтүлөт
Бишкекте автобус жана троллейбустарда орнотулган мониторлордо кыргыз тилинде даярдалган анимациялык мультфильмдер көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган маселе Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде өткөн жолугушууда талкууланды.
Жолугушууга президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров жана транспорт тармагынын өкүлдөрү катышты.
Анда Бишкек шаарынын коомдук транспортторундагы мониторлорго кыргыз тилиндеги кыска анимациялык фильмдер коюла турган болду. Ошондой эле жыйында алгачкы кыргыз тилиндеги анимациялык фильмдер өлкөбүздүн жаш балдарына арналып чыгып жаткандыгы белгиленди.
