super.kg logo
  Саясат  

Жаныбек Жоробаев акыйкатчынын орун басары болуп шайланды

 

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын орун басарлыгына Жаныбек Жоробаевдин талапкерлиги каралды.

Жоробаевди парламентке акыйкатчы Жамиля Жаманбаева алып келип, өмүр баяны менен тааныштырды. Жашыруун электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында каттоодон өткөн 85 депутаттын 77си анын талапкерлигин жактырды. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Жоробаев Жаныбек Сүйүнбаевич 1978-жылы 23-июнда туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. 1998-жылы Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетин (финансы-кредит факультетин) артыкчылык диплому менен аяктаган. 2002-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетин (юриспруденция факультетин) артыкчылык диплому менен аяктаган. 2014-жылы Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияны эл аралык мамилелер адистиги боюнча аяктаган.

2000-2013-жылдары УКМКда ар кандай кызматтарды аркалган. 2013-2015-жылдары Салык кызматында, 2016-2019-жылдары Айыл чарба министрлигинде жетекчилик кызматтарда эмгектенген. 2020-жылы "Кыргызстан" партиясынан 4 ай Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2021-жылы апрелде УКМК төрагасынын орун басары болуп дайындалып, ошол эле жылдын ноябрында жумуштан алынган.

Депутаттар ошондой эле акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карашты.

Айтиев былтыр 31-декабрда оорудан улам каза болгон. Ал акыйкатчынын орун басары болуп 2023-жылы июнь айында дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: