super.kg logo

Бишкекте мектеп окуучуларынын райондук олимпиадасы башталды

 
Бишкекте мектеп окуучуларынын райондук олимпиадасы эки күн бою кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, алгебра, тарых, география, англис тили, физика, химия, биология сабактары боюнча өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ленин районунда олимпиада №40 мектебинде өтүп, ага муниципалдык жана жеке менчик мектептерден 700дөн ашык бала, Октябрь району боюнча олимпиада №62 орто мектебинде өтүп, ага 521 бала катышууда. Ал эми Свердлов районунда олимпиада №65 мектебинде өтүп, ага 729 бала, Биринчи Май району боюнча олимпиада №6 мектепте өтүп, 474 бала катышып жатат.
Белгилей кетсек, райондук этаптын жеңүүчүлөрү олимпиаданын шаардык этабына катышат. Негизги милдеттер окуучулардын окуп жаткан предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу, жогорку класстын окуучуларына кесип тандоодо жардам берүү, илимий чыгармачылыкка өзгөчө жөндөмдүү жана кызыккан окуучулардын чыгармачылык демилгелерин аныктоо жана өнүктүрүү болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: