Баткенде былтыркы жылы милиция үй-бүлөлүк зомбулуктун 330га жакын учурун каттады






Баткен облустук милициясы былтыркы жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 327 учурун каттаган. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда облустук милициянын былтыркы жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы чыгарылган отурумда айтылды.
Кабарлангандай, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан 327 коргоо ордери берилген.
Облустук милициянын башчысы Мурат Боронов Кадамжайда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин аянычтуу тагдырын эске салып, отурумдун катышуучуларына үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында негиздүү тапшырмаларды койду.
Ошондой эле облус аймагындагы милициянын башчылары жана аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн башчылары тийиштүү деңгээлде алдын алуу иш-чараларын уюштурууну жана катталган зомбулук фактылары боюнча кылдат текшерүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.



