Эрулан Кокулов Таласта трансформация болгон жер тууралуу айтты
Талас районунда трансформацияга берилген жерди мамлекет кайра алып алган. Бул тууралуу бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эрулан Кокулов билдирди.
Ал мындай учурлар Таласта эле эмес, өлкө аймагында болуп жатканын белгиледи.
"2014-жылдын 20-августунда Талас районунун акиминин буйругу менен Кара-Дөбө участогунан 14 гектар жер трансформацияга берилиптир. Бирок мамлекет кайра жерди тартып алыптыр. Бул бир гана Таласта эмес, Кыргызстан боюнча болуп жатат. Бир убакта айылдарда жерлерди трансформацияга бөлүп берген. Кийин 10-15 жыл өткөндө тийиштүү органдар туура эмес берген деп эле тартып алып коюулар болуп жатат", - деди ал.
Ошондой эле эл өкүлү жерди убагында мамлекет берип жаткандан кийин элдин күнөөсү жок экенин айтып, анда башка жерден жер берүү керектигин кошумчалады.
