Улуттук фтизиатрия борборунда компьютердик томография кабинети ачылды








Улуттук фтизиатрия борборунда компьютердик томография кабинети ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-январда министрликке караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда КТ диагностикалык кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү. Ага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, БУУнун өнүктүрүү программасынын өлкөдөгү туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал, аталган борбордун директору Абдуллаат Кадыров жана мекеменин кызматкерлери катышкан.
"КТ имараты СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонд тарабынан каржыланган COVID-19 грантын ишке ашыруунун алкагында БУУӨП аркылуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, КТ аппараты жана тиешелүү эмеректер менен жабдылган.
Компьютердик томографтын баасы 407 миң 551 долларды (35 миллион 334 миң 702 сом) түзөт. 34 миң 709 долларына эмерек жана башка керектүү жабдуулар алынган", - деп жазылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.