Борбор калаада туруктуу жашаган жери жок жарандарга жылуу кийим таратылды







Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн баш калкалоочу жайдын жашоочуларына гуманитардык жардам катары жылуу кийимдер таратылды. Бул тууралуу Свердлов райондук акимчилигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жеринде флюро текшерүү, дарыгерлердин консультациялары уюштурулду.
Эскерте кетсек, аталган баш калкалоочу жай 40 орунга ылайыкташып, жашоочулар бир маал ысык тамак менен камсыздалып, аймактык ҮМБлар системалуу түрдө керектүү медициналык жардам көрсөтөт.
Кошумчалангандай, муктаж болгондор өздөрү баш калкалоочу жайга келсе болот, же аларды укук коргоо кызматкерлери, тез жардам кызматкерлери жеткирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.