Билим берүү министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларга оюнчук, өнүктүрүү куралдарын жеткирүүдө





Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында түзүлүп жаткан кыска мөөнөттүү бала бакчаларга керектүү болгон материалдарды жеткирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, 289 объектке оюнчуктар, өнүктүрүү куралдары берилди. Заманбап балдар аянтчаларын орнотуу иштери аба ырайына карап жүрүп жатат.
"144 объектте эмеректер да орнотулду. (Ош облусу - 56, Жалал-Абад облусу - 85 жана Чүй облусу - 3).
Учурда кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын 255инде оңдоп-түзөө иштери жыйынтыкталды",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын неигизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.
