Министр Бейшеналиев Бишкектеги бир катар саламаттык сактоо уюмдарын кыдырды






Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров менен кечээ, 18-январда Бишкек шаарындагы айрым саламаттыкты сактоо уюмдарын кыдырды.
Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, алар алгач №1 үй-бүлөлүк медицина борборунда жайгашкан "Эл Аман" дарыканасынын иши менен таанышты.
"Депутатка мамлекеттик дарыканада дары-дармектердин канча түрү бар экени көрсөтүлүп, Таалайбек Масабиров дары-дармектердин баасы чындап эле арзан экенин, айрымдары 500-600 сомго чейин сатылып жатканын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Андан соң №1 шаардык клиникалык ооруканага барып, ооруканадагы бейтаптар менен баарлашып, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатына кызыгып көрдү.
Кыргыз-түрк достугу ооруканасында да болушту, анда 8-январдан тарта кызматына киришкен жаңы башкы дарыгер, кардиохирург Хусейн Унсал Эрчелик менен баарлашышты.
Башкы дарыгер оорукананын ишин көрсөтүп, түркиялык адистердин тобу келери күтүлүп жатканын билдирип, алар январдын аягында, февралдын башында дагы үч кыргызстандыкка бөйрөк алмаштыруу боюнча кезектеги операция жасай турганын, азыркы учурда операцияга даярдык иштери жүрүп жатканын белгиледи.
