Тик учак кырсыгынан каза болгон Жайыл Самудинов жерге берилди
Бишкекте тик учак кырсыгынан каза тапкан учкуч Жайыл Самудинов бүгүн, 19-январда жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты борбор калаадагы Ак-Өргө конушунда өттү.

Ал 1994-жылы туулган. Кырчындай кезинде кырсыкта курман болгон Жайыл Самудинов 24-февралда 30га чыкмак. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болгон.

Ал 2018-жылы Орусиядагы Сызрань аскердик-авиациялык окуу жайын аяктап, ошол эле жылы Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн 23 565 номурлуу аскердик бөлүгүнө кызматка кирген. Эки ай мурун Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына учуу коопсуздугун көзөмөлдөгөн учкуч инспектор болуп которулган.
Эске салсак, 17-январда эртең менен Бишкектин батыш тарабында Ми-8МТВ үлгүсүндөгү тик учак окуу-машыгуу учурунда 23 565 аскердик бөлүктүн аймагына кулап түшкөн. Кырсыктан экипаждын командири Жайыл Самудинов каза таап, 10 аскер жабыркаган. Коргоо министрлиги кырсык боюнча кызматтык териштирүү башталганын кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.