super.kg logo

"225 миң сомго айып салынган". Кыргызстанда талапка жооп бербеген 15 мал союучу жай жабылды

 

Бүгүн, 19-январда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат жана Ветеринардык дары-дармек департаменти 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча "Кабар" маалымат-агенттигине маалымат берди.

Анда Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов Кыргызстандагы ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген мал союучу жайларга жалпы 225 миң сом айып салынгандыгы тууралуу билдирди.

"Биздин орчундуу объектилерибиздин бири бул мал союучу жайлар. Бүгүнкү күндө биздин реестрге 101 мал союучу жай катталган. Мунун ичинен 15 мал союучу жай талаптарга жооп бербегендигинен жабылган. Ал эми жогоруда аталган реестрден 8 мал союучу жай алынып салынды. Учурда алардын ичинен 86сы иш алып барат. Ошондой эле 10 мал союучу жай ЕАЭБдин реестрине катталып, сыртка эт азыктарын сатууга мүмкүнчүлүгү бар. Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген мал союучу жайларга жыл ичинде 225 миң сомго айып салынган", - деди Бакыт Шарапов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: