УКМК Көлбаевдин эки унаасы маморгандарга берилди деген маалыматты четке какты
Бүгүн, 19-январда УКМК Камчы Көлбаевден алынган эки автоунаа мамлекеттик органдарга берилди деген маалыматты төгүндөдү.
Маалыматта УКМК буга чейинки ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Көлбаевге таандык унааларды аныктап, бул мүлк боюнча чечим кабыл алуу үчүн аларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүп бергени айтылат.
“УКМКнын балансында өзүнүн милдетин аткарууга жетиштүү сандагы автоунаалар бар. УКМК жарандарды чагымчыл мүнөздөгү, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик мекемелердин гана маалыматтарын алууга чакырат”,- деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги 17-январда Камчы Көлбаевге таандык эки автоунаа УКМК менен президенттин иш башкармалыгына өткөрүп бергенин билдирген.
Былтыр ноябрь айында Көлбаевге тийиштүү алты автоунаа аукционго коюлуп, бирок сатып алуучулар табылган эмес. Көлбаевдин мүлкү өз каалоосу менен өткөрүп берүү келишиминин негизинде аукционго коюлган. Документке анын үй-бүлө мүчөлөрү кол койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.