Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө кантип өтүүгө болот? Соцфонд түшүндүрмө берди
Социалдык фонддон пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү тартиби тууралуу айтып беришти.
Маалымдалгандай, пенсионерлер карылар жана майыптар үйүндө жашаган, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан учурларда пенсионерлер же мекеменин администрациясы пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арызды зарыл болгон документтер менен бирге пенсиялык иштин жайгашкан жери боюнча Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына берет.
Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрү кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап дайындалат.
Ага ылайык, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрүн дайындоо пенсионердин арызынын жана пенсия дайындоо үчүн кайрадан берилген документтердин же пенсиялык иште болгон документтердин негизинде Социалдык фонддун башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат.
"Экинчи түрүнө өтүүдө пенсиялык иште болгон документтер боюнча пенсияга мурда жүргүзүлгөн бардык кайра эсептөөлөр сакталат, пенсионер тарабынан стажы жана эмгек акысы жөнүндө кошумча документтер берилгенде пенсия жаңы дайындоонун шарттарында эсептелет.
Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өткөн пенсионерлер кийин пенсиянын мурунку түрүнө өтүү тууралуу арыз менен кайрылса, анда мурунку өлчөмүндө калыбына келтирилет", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Социалдык фонддун органдары тарабынан “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамга ылайык пенсия дайындалган пенсионерлер дагы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга боюнча пенсия өтүү жөнүндө зарыл болгон бардык документтер менен арыз менен кайрылууга укуктуу.
