Бүгүн, 19-январда Тариэл Айтиев Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Мекеменини басма сөз кызматынан билдиргендей, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин аталган кызматты Алибек Арыстанов аркалап келген.