super.kg logo

Бишкекте уруксатсыз курулган дагы үч объект буздурулду

 

Бишкекте уруксатсыз орнотулган объектилерди бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу кала мэриясынан маалымдады.

Ага ылайык, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Ак-Өргө жаңы конушундагы Алыкулов көчөсү 25д дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 100 чарчы метр унаа жуучу жай түрүндөгү уруксатсыз салынган жеңил типтеги объект буздурулууда. Ошондой эле аталган көчөнүн 26д дарегиндеги кеңейтилген 150 чарчы мерт темир тосмолор да алынды.

Башкармалыктын кызматкерлери "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барууда.

Мындан тышкары мурда берилген эскертүүнүн негизинде Гагарин жана Репин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги конструкция буздурулду. Натыйжада 30 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

"Урматтуу шаар тургундары жана ишкерлер, жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранабыз! Эгерде эреже бузуу иштери катталса Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертебиз!", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: