super.kg logo

Таласта ишкерлерди мыйзамсыз текшерген кызмат адамдары жазага тартылды

 

Таласта эки кызмат адамы ишкерлерге мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын башкы инспектору Т.С.Д. президенттин ишкерлерге текшерүү жүргүзүүгө чектөө койгон жарлыгына карабай “Б” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан медициналык борборду текшерип, анын жетекчисине 200 миң сом айып пул салган.

Ошондой эле Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ж.К. мыйзам талаптарын бузуп, “Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасына каттоо жүргүзбөстөн, “С.К.” ЖЧКсы тарабынан Талас шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулуш иштерин мыйзамсыз текшерүүгө алган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура тарабынан тергөөчү Ж.К. жана инспектор Т.С.Д.га карата укук бузуу жөнүндө өндүрүш иштери козголуп, аларга 10 миң сомдон айып пул салынды.

"Мыйзамсыз текшерүүлөр орун алган учурда Башкы прокуратура тарабынан бизнес коомчулугу менен биргеликте иштелип чыккан “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси аркылуу фото жана видео материалдарды жибериңиздер же болбосо ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча ишеним телефондоруна: +996 (312) 88-90-33, +996 (500) 19-20-54 кабарлаңыздар", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: