super.kg logo

 Жалал-Абадда ломбарддын ээлери кармалды

 

Жалал-Абад шаарында күрөөкананын мыйзамсыз иш-аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКга Жалал-Абад шаарынын тургундары "Чынчыл күрөөкана" күрөөканасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн жабыркаганын айтып кайрылышкан.

"Аталган ломбарддын ээлери 1985-жылы туулган А.С.М. жана 1995-жылы туулган М.Э.Т. тиешелүү лицензиясы жок күрөөкананын мыйзамсыз ишин жүргүзүп, ири өлчөмдөгү 240 пайыздык жылдык ссудаларды беришкен. Аларга ишенип берилген адамдардын атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен камсыз кылынгандыгы аныкталган. Бир канча убакыттан кийин келишимдердин мөөнөтү бүтөөрүн күтпөстөн, алар өздөрүнө ишенип берилген мүлктү өзүм билемдик менен сатып, үстөк пайызы күрөөнүн баасынан эбак эле ашып кеткенин жүйө келтиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун (Алдамчылык, башкача айтканда алдамчылык же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө укукка ээ болуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

15-январда бул кылмыш ишинин алкагында "Чынчыл күрөөкананын" ээлери А.С.М. жана М.Э.Т. кармалып, алардын жашаган жерин тинтүү учурунда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр боюнча документтер табылып алынган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул адамдар тарабынан жасалган башка кылмыштарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: