Орусияда издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды



Ошто эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-январда Ош шаарында Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү же бланктарды жасалмалоо, даярдоо же жасалма жүгүртүү) боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Й.Ж. аттуу жаран кармалган.
Шектүү коомдук жайлардагы жүзүн таануу системасы орнотулган байкоо камералары аркылуу аныкталган.
"Й.Ж. 2022-жылы Орусияда козголгон кылмыш иши менен эл аралык издөөгө алынган", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.